Мэрия мыйзамсыз салынган унаа токтотуучу жайды түрттүрдү

Жашоочулардын бири уруксатсыз түрдө сере менен тосмону орнотуп алган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Муниципалитетке мыйзамсыз түрдө колдонулган 10 сотых жердеги унаа токтотуучу жай өткөрүлүп берилгенин Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Снос незаконной парковки в Бишкеке

Чыңгыз Айматов проспектиси менен Түштүк магистралда №97/4 үйдүн жанындагы сере менен тосмо түртүлгөн. Ал жер унаа токтотуучу жай катары пайдаланылып жүргөн.

Иш Түштүк магистралдагы өтмөк жана велосипед жолдорун куруунун алкагында жүргүзүлдү. Унаа токтотуучу жай жол салына турчу жерде жайгашкан.