БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатына катыша турганын редакцияга аталган федерациядан кабарлашты.
Мелдеш 20-28-октябрь күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтөт. Кыргызстандын атынан жалпысынан 12 балбан катышат. Спортчуларды төрт машыктыруучу жана бир рефери коштоп барат.
Грек-рим күрөшүнөн:
Жоламан Шаршенбеков — 55 килограммга чейин;
Калы Сулайманов — 60 килограммга чейин;
Урмат Аматов — 63 килограммга чейин;
Амантур Исмаилов — 67 килограммга чейин;
Кайрат Түгөлбаев — 77 килограммга чейин;
Атабек Азисбеков — 82 килограммга чейин;
Бексултан Махмудов — 97 килограммга чейин.
Башкы машыктыруучу — Азат Эркимбаев
Машыктыруучу — Улугбек Карачолоков
Рефери — Мэйрамбек Ахметов
Эркин күрөштөн:
Улукбек Жолдошбеков — 61 килограммга чейин;
Эламан Догдурбек уулу — 70 килограммга чейин;
Магомед Мусаев — 97 килограммга чейин;
Машыктыруучу — Сүймөнкул Таабалды уулу.
Кыз-келиндер арасындагы күрөштөн:
Мээрим Жуманазарова — 68 килограммга чейин;
Айпери Медет кызы — 76 килограммга чейин;
Машыктыруучу — Нурбек Изабеков.