Өлкөнүн алтын валюта резерви күн сайын 1 млн. долларга кыскарууда

Сентябрда Улуттук банк улуттук валютанын курсун стабилдештирүү үчүн 19 миллион 650 миң доллар саткан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстандын алтын валюта резерви дээрлик 337,2 миллион долларга кыскарган. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланды.

Министр: 2027-жылы тышкы карызды төлөөгө 400 млн. доллар керектелет
Август айынын аягында резерв 2 миллиард 127,8 миллион доллар болсо, бир айдан кийин 2 миллиард 90,6 миллион долларга кыскарган. Башкача айтканда, резерв 37,2 миллион долларга азайган.

Сентябрда Улуттук банк сомдун курсун стабилдештирүү үчүн 19 миллион 650 миң доллар саткан. Жыл башынан бери резервдин көлөмү дээрлик 116 миллион долларга кыскарган.

Кыргызстандын эл аралык валюталык резерви ондон ашык валюта түрүнөн жана алтындан турат. Бул каражат эл аралык эсептөөлөрдө жана төлөмдөрдө колдонулат. Ошондой эле улуттук валютанын кунун кармап турууда керектелет.