Бишкекте катуу сабалган окуучунун атасы милиция кызматкери. Окуянын чоо-жайы

Маалым болгондой жабыркаган жана шектүү эки окуучунун тең аталары ички иштер органдарында иштечү.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы мектептердин биринде оозу жырылгыча сабалган 8-класстын окуучусунун иши ИИМ жетекчилигин көзөмөлүндө. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 12-октябрь күнү 102 кызматына борбор калаадагы №47мектептеокуучунун таякталганы тууралуу маалымат келип түшкөн

Мэр Азиз Суракматов оозу жырылгыча сабалган окуучудан кабар алды. Видео
Өспүрүм шаардык балдар ооруканасына жаткырылып, дарыгерлер ага баш мээсинен жарака алып, оозу жырылып, мурду сынган деген диагноз коюшкан.

Ооруканага келген милиция кызматкерлеринин териштирүүсүнөн кийин баланын атасы мектептин 9-класста окуган эки балага чара көрүү керектиги тууралуу арыз жазган. Анын айтымында, балдар анын уулунан акча талап кылып, сабашкан.

Факт боюнча Кылмыш кодексинин 170 (Опузалап талап кылуу) жана 234 (бейбаштык) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

13-октябрда жабыркаган бала суралып, аны №47 мектептин 9-классынын окуучусу сабагынын айткан.

"Окуя "Жетиген" деген киоскинин жанында болгон. Май токоч алам деп бара жаткан бала жолдо турган 9-класстын окуучусунун ийнине кокустан тийип кетип, ортодо пикир келишпестик чыгып кеткен. Жыйынтыгында ал жабыркаган баланы сабап салган", — деп жазылат маалыматта.

Бишкек милициясы мушташууга камынган балдарды тобу менен кармады
ИИМдин билдирмесинде жабыркаган бала жогорку класстын окуучулары андан акча талап кылган фактыны тастыктаган эмес. Милиция ошондой эле ЖМКнын шектүү окуучунун атасы ички иштер органдарынын кызматкери деген маалыматы боюнча да айтып берди.

Анда шектүүнүн да, жабыркаган окуучунун да ата-энелери ички иштер органдарында иштеп, азыркы учурда пенсияда экендиги анык болду.

Жабыркаган окуучунун атасы 2013-жылы Чүй ОИИБден пенсияга кетсе, шектүү баланын атасы 2017-жылы ИИМден ардактуу эс алууга чыккан.