Елизавета экинчинин небереси официантка турмушка чыкты

Үйлөнүү салтанаты 12-октябрда Виндзор аймагындагы Ыйык Жорж чиркөөсүндө өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Британиянын канышасы Елизавета экинчинин небереси Евгения Йоркская 12-октябрда турмушка чыкты. Анын жолдошу учурунда официант болуп иштеп, акыркы кезде виносатуу менен алектенерин Daily Mirror басылмасы жазды.

Жаш жубайлардын үйлөнүү салтанаты Виндзор аймагындагы Ыйык Жорж чиркөөсүндө өткөн.

Жылкы кымбаттады. Үйлөнүү тойдун быйылкы баасы канча?
28 жаштагы Евгения Йоркская 32 жаштагы Жек Брукбэнк менен баш кошту. Алар 2010-жылы Швейцариянын Вербье тоо-лыжа курортунда таанышкан.

Брукбэнктин үй-бүлөсүнүн эч кандай титулу жок болгону менен алардын ата-бабалары эл сыйлап кадырлаган кишилер болгон. Айрым маалыматтар боюнча алардын Британия падышасынын үй-бүлөсү менен туугандык да жайы бар.

Белгилей кетсек, Евгения Йоркская титулу жок үй-бүлөгө келин болуп жаткандыктан мындан ары ал жана анын балдары падышанын үй-бүлөсүнө эч кандай тиешеси жок болуп калат.