Көлдө чабак деп кайсы балык сатылып жатканын билбейсиңер да... Экологдун маеги

Кайсы бир кезде Ысык-Көлгө келип, ышталып жипке тизилген туздуу чабакты сатып алуу кадыресе көрүнүш эле. Майда, туздалган балык чемичкенин баасына тең болуп, 10 сом турчу. Бирок бара-бара Ысык-Көлдүн белгилүү балыгы дүкөн текчелеринен жоголо баштады, издеп жүрүп табууга болот, бирок наркы азыр таптакыр башка.
Sputnik

Бир жолу жапайы жаратылыш фондусунун биоартүрдүүлүк боюнча эксперти, "Ысык-Көл көлмөчүлөр" биримдигинин мүчөсү Азат Аламанов аталган балыктын популяциясы мурдагы калыбына келмейинче ышталган чабакты жебей тургандыгына сөз берген. "Көзүм өткүчө күбө болуп калармын" деп ага үмүт артат.

Эксперт по биоразнообразию Фонда дикой природы, член ассоциации "Иссык-кульские прудовики" Азат Аламанов

— Азат мырза, Ысык-Көлдү гана байырлаган балыктар тууралуу айтып берсеңиз…

— Көлдө байыр алган балыктардын 26 түрүнүн 12си бөлөк эч бир жерде кездешпейт. Алардын арасында Ысык-Көлдүн чабак жана майда чабагы, көкчаар жана маринка, пескарь, усач (ит муруттуу балык) жана башкалар бар. Эзелтен көлүбүздү байырлап келген балыктардын түрү азыркыдан түп-тамырынан айырмаланат. Ысык-Көлдүн суусунда тынч түрлөрү гана жашаган, бир дагы жырткыч балык болгон эмес.

— Ысык-Көлгө балыктын кайсы түрлөрү кое берилген, бул көлдүн түпкү "тургундарына" кандай таасир этти?

— Селигер көлүнөн судак, Ладож көлүнөн май канат жана севан форелин алып келишкен. Бул балыктын уулануучу түрлөрү менен бирге көлгө кокусунан эле түшүп калган балыктар келген.

Бишкектин абасын эмне булгайт? Экотехинспекциянын жообу
Ысык-Көлдө азыр карась, линек жана тыран балыктары жетишерлик түрдө таркалган. Майда түрлөрдөн амур бычогу жана синявка бар, булар икра жок кылуучулар болуп эсептелишет. Алар балыктардын популяциясын жок кылып, эндемиктерди түйүлдүк кезинде эле жеп салышат.

Ысык-Көлдө азыр эң агрессивдүү балык болуп судак эсептелинет, жалгыз балык менен гана азыктанган бул түргө бир килограмм салмак алыш үчүн башка балыктын 7 килограммын жегенге туура келет.

Ошондой эле судактын төлү да жакшы. Икра жечүлөргө жем кылбастан, бул түрдүн эркектери өз жумурткасын кайтарат. Ургаачысынын орточосу жарым миллион личинка чыгарат. Бирок жергиликтүү балык түрлөрүнүн көбөйүшүнө таасир эткен эң маанилүү фактор болуп "эки аяктуу жырткычтар" саналат.

— Ысык-Көлдү балык уулоого ылайыктоо жагы каралган. Көлдүн бул боюнча дараметин кандай баалайсыз?

— Менимче, Ысык-Көлдө балык уулоо өтө ыксыз иш. Табигый балык өндүрүмдүүлүк деген түшүнүк бар, бул — көлмөгө эч зыян келтирбестен кармалган балыктын көлөмү. Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн бул көрсөткүчү гектарына эки килограммды түзөт. Өз өзгөчөлүгү менен катар суунун муздактыгы, өтө тереңдиги, суунун көлөмүнөн улам Ысык-Көл балыктын жашоосу үчүн ылайыксыз, тоют базасы да жарытарлык эмес.

Совет убагында Ысык-Көлдүн чабагы жана майда чабактар анча бааланбай, майда-чүйдө балык катары саналчу. Май канат, судак жана форель жогору бааланар эле. Азыр жагдай таптакыр тескерисинче. Бүгүн базарда ышталган форелдин (ак балыктын) килограммы 700-800 сом, май канат балыгынын килосу 300дөн 500 сомго, ал эми майда, бирок чанда кезиге турган болгон чабактын килосу ушул тапта 1500дөн 2500 сомго чейин чыгат. Сейректей түшкөндүгүнөн улам бул түр чүйгүн тамактардын бири болуп калды.

Эксперт по биоразнообразию Фонда дикой природы, член ассоциации "Иссык-кульские прудовики" Азат Аламанов

— Анда көл жээгиндеги арзан балыктар кайдан?

— Балтика корюшкаларын жипке тизип алып, чабак деп сатышат, биологиядан оолак киши балыктын түрүн, айрыкча, ышталгандан кийин ажыратышы кыйын. Бизге Балтикадан балык алып келишет, бул албетте, акылга сыйгыс жагдай. Алгач селедканы чабак дешти, көпчүлүк андай амалды байкаган жок, бирок балыкчы катары менин күлкүмдү келтирди. Кийин бул ишке кесипкөй катары аралаша баштадым, мен үчүн чабак менен майда чабактын популяциясын калыбына келтирүү иши ар-намыс маселесине айланды.

— Жергиликтүү балыктардын түрлөрүнүн популяциясын калыптандыруу жаатында кандай аракет көрөсүз?

Таласта 11 кг алтын үчүн жайыт жер жана токой казыла баштады. Башында ким турат?
— 2009-2012-жылдары Ысык-Көлдүн маринка жана көк чаар балыктарынын популяциясын калыптандыруу боюнча иштерди аткардык. Улуу муундун тажрыйбасын өздөштүрдүк, бирок долбоордун мөөнөтү аяктагандан кийин ишти эч ким улантып кетпеди. Балык чарбасы департаментинин планына кирген, бирок эң жөнөкөй ысыккөлдүк форель жана май канаттарды көбөйтүүгө да каржы каралган эмес. Ниет бар, каражат жок.

Быйыл биздин уюм Ысык-Көл чабагын сынамык өндүрүүгө беш миң АКШ долларына чукул өлчөмдө грант утуп алган. Совет убагында бул түрдүн биотехникасы толугу менен жүргүзүлгөн эмес, уялоочу чуңкур тибиндеги өндүрүш аппараттары пайдаланылган, алар натыйжасыз болуп чыкты.

— Баары бир чабактардын жаш муунун натыйжалуу өндүрүп алыпсыздар, бул кантип жүзөгө ашты?

— Вейс аппараттарында эксперимент жасап көрдүк, жыйынтыгы таң калтырарлык болду. Аталган технология менен уруктандырылган икраны бастыруунун натыйжасы жогору экендигин түшүндүк. Балык өрдөөнүн стимуляторунун ченеми белгиленди. Икра менен уруктардын өрчүшүн тездетүүчү ийнелердин ченеми аныкталган.

Алгачкы жакшы жыйынтыгыбыз ири долбоор менен көлдү толук камтууга багыттады. Үч жылдан кийин чабак жыныстык жактан жетилет. Бул балыктын популяциясынын азайыш кырдаалын жөнгө сала алабыз деген үмүтүбүз чоң. Табигый чөйрөгө кое берилген муун эми үч жылдан соң төл бере баштайт.

— Чабактын жаш мууну кайсы жерде өстүрүлдү?

— Иштин негизги бөлүгү Түп жана Жети-Өгүзгө багытталган. Бул райондордо чабактар урук таштап, кууту жүргөн жерлер бар. Бул балык икрасын суу алдындагы бактардын тамырларында жана таштарга чогултат. Баарынан кызыгы, мыйзамсыз иш жүргүзгөн балыкчылар да өндүрүшчүлөрдү уулоодо көмөкчү болуп, бизге базага чейин өздөрү алып келип берип жатышты. Ысык-Көлдө балык уулоодон бөлөк киреше булагы жок адамдар бар.

Эксперт по биоразнообразию Фонда дикой природы, член ассоциации "Иссык-кульские прудовики" Азат Аламанов

— Көлдө байыр алгандарга адамдардын ишмердигинин дагы кандай факторлору таасир этет?

Кадыров: Соң-Көлдө 80 миң тор суу астында жатат
— Ысык-Көл агып чыкпаган көлдөрдөн. Башта көлгө 80 дайрадан суу куюлчу, алардын көпчүлүгү азыр тескөөдө жана сугатка пайдаланылат. Көлгө он чакты гана дайрадан суу куюлат. Кандай болгон учурда да элдин жашоо тиричилигинин саркындысы ойдуңга топтолот да, сууга түшөт. Ысык-Көлдүн жээгиндеги адамдардын кандай гана ишмердиги болбосун, экологиясына таасир этет. Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги көлдүн суусуна анализ жүргүзүп, мунай өндүрүмдөрү, аммоний тузу, азот кычкылынын тузу жана нитриттер менен булганганын аныктаган. Көл жээгинде миңдеген адам эс алат, бирок эч бир жеринде коомдук дааратканалар системалуу түрдө жайгашкан эмес. Натыйжада көл адамдын биологиялык калдыктары менен булганууда. Дагы жакшы, Ысык-Көлдө сезон бир жарым-эки айга гана созулат. Маселен, Түркиядагыдай сегиз айга узаса, анда биз эбак сазда жашап калмакпыз.

— Ишиңиздерге мамлекет тарабынан колдоо барбы?

— Мамлекеттик органдар менен өз ара түшүнүүчүлүк орногон, алар биздин демилгелерди кубаттап келишет. Кеп материалдык жардамда эмес, анткени, азыр мамлекетибиз өзү каржылык көмөккө муктаж. Бизди көбүнесе чечимдерди кабыл алууга жардамдашуу кызыктырат. Менимче, биз биргеликте Ысык-Көлдөгү балык популяциясын калыптандыруу үчүн материалдык ресурс таба алабыз. Өз жаратылышыбыз, дагы да салыштырмалуу таза экологиябыз менен сыймыктанабыз, бирок бул ресурсту азыркыдай көлөмдө түгөтө бере турган болсок, бир нече жылдан кийин мактанарлык эч нерсебиз калбайт. Табияттын чыдамынын да чеги бар.