Мэр Азиз Суракматов оозу жырылгыча сабалган окуучудан кабар алды. Видео

Асел Мырзабекова аттуу жаран анын 8-класстагы баласын 9-класстын эки окуучусу 12-октябрда сабаганын айткан болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы мектептердин биринде оозу жырылгыча сабалган 8-класстын окуучусун мэр Азиз Суракматов ооруканага барып көрүп келди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 8-класстын окуучусунун апасы Асел Мырзабекова анын баласын 9-класстын эки окуучусу 12-октябрда сабаганын билдерген. Анын айтымында, жогорку класстын балдары андан акча талап кылып, башы чайкалып, тиштери сынып, оозу жырылып кеткенче сабашкан.

Калаа башчысы Суракматов менен вице-мэр Асел Куламбаева ооруканадагы окуучунун туугандары менен жолукту. Калаа башчысы мектептеги тартипке өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор дагы көз салышы керектигин айтты.

"Мындай нерсе мектептерде болбошу керек. Карабай койгонуңар үчүн силер дагы жооп бересиңер", — деп ал палатадагы инспекторго кайрылды.

Бишкек милициясы мушташууга камынган балдарды тобу менен кармады
Окуучу баланын чоң атасы жогорку класстын окуучулары андан акча талап кылып жатат деп буга чейин айтпаганын билдирди.

"Менин түшүнүгүм боюнча тиги балдар өздөрүнүн үстөмдүгүн көрсөткүсү келген окшойт. Буга чейин жогорку класстын окуучулары акча талап кылып жатат деп ооз ачкан эмес. Өзүбүз танаписке чыкканда бир нерсе сатып жесин деп кээде бир аз акча беребиз. Неберемди эртең менен мектепке алып барып кайта мектептен алып кетем", — деди ал.

Чоң атанын айтымында, небереси ата-энеси жашаган аймакка жакын деп бул мектепке ушул жылдын сентябрь айынан баштап которулган.