Бишкектеги мектептердин биринде өспүрүм сабалды

Окуя 12-октябрда болгон. Окуучунун баш мээси чайкалып, тиштери сынып, оозу жырылып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы мектептердин биринде 8-класстын окуучусу сабалганын баланын энеси Асел Мырзабекова билдирди.

Анын айтымына караганда, анын баласын тогузунчу класстын эки окуучусу сабаган. Окуя кечээ, 12-октябрда болгон.

"Уулум аны эмнеге сабашканын айтпай жатат. Биздин оюбузча алар акча талап кылган окшойт. Баламдын башы чайкалып, тиштери сынып, оозу жырылып кеткен. Учурда ооруканада жатат", — деди жабырлануучунун апасы.

Ош: кызын чынжыр менен тушап койгон кишиге иш козголду
Мырзабекова милицияга арыз жазганын айтып, окуучулардын биринин апасы арызды артка кайтарууну өтүнгөнүн билдирди. Ал ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги көңүл бурганын жана дүйшөмбү күнү балдардын ата-энелери келерин кошумчалады.

Бишкек ШИИБ аталган факт Ленин райондук ИИБинде каттоого алынып тергөө амалдары жүрүп жатканын маалымдады.