Ак таңдай акын 91 жашка толмок. Айталиевдин сүрөттө калган ирмемдери

Sputnik

Ашыраалы Айталиев 1927-жылы 8-мартта Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жедигер айылында жарык дүйнөгө келген. Болочоктогу талант мектепте окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып, Осмонкул, Калык, Токтонаалы, Ысмайыл акындардан сабак алган. Эмгек жолун борбор калаадагы Улуттук филармониядан баштап, ал жакта 45 жыл иштеп пенсияга чыккан.

Ат чаап, жайлоодо эс алган Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттө калган ирмемдери
Кыргыз Республикасынын эл артисти "Карагул ботом", "Ак Мөөр", "Ак Саткын менен Кулмырза", "Олжобай менен Кишимжан" өңдүү дастандарды ийине жеткире аткарган. Ошондой эле ал ыр жазып, обондорду чыгарган. Анын бир катар эмгектери элдик чыгармага айланган.

Андан сырткары, Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте жаштарды акындык өнөргө тарбиялап иштеген. III даражадагы Манас орденинин ээси 2008-жылы 13-октябрда 81 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.

1 / 11
Акындын обонго салынган "Жылкычы", "Нарындан жазган салам кат", "Жолугабыз аз күндө", "Түшүнсөң боло суратпай" "Сагынуу" сыяктуу бир нече эмгеги элдик чыгармага айланган
2 / 11
Ак таңдай акын Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев. Чыгармачыл инсандар узак убакыт бою филармонияда чогуу иштеген.
3 / 11
Төкмө акын Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 45 жыл эмгектенген. Сүрөттө замандаштары менен
4 / 11
Ашыраалы Айталиев жана Тууганбай Абдиев өздөрү таптаган жаш таланттар менен бирге
5 / 11
Төкмө акын Замирбек Үсөнбаев устаты болгон Ашыраалы Айталиев менен сахнада айтышып жаткан учуру
6 / 11
Кыргыз Республикасынын эл артисти кезинде Осмонкул, Калык, Токтонаалы, Ысмайыл акындардан сабак алган
7 / 11
Так ортодо отурган Ашыраалы Айталиев гастролдоп жүргөн замандаштары менен жайлоодо
8 / 11
Кыргыз өнөрүнүн алптары Эстебес Турсуналиев, белгилүү актриса Сабира Күмүшалиева жана Ашыраалы Айталиев
9 / 11
Кыргыз Республикасынын эл артисти "Карагул ботом", "Ак Мөөр", "Ак Саткын менен Кулмырза", "Олжобай менен Кишимжан" дастандарын мыкты аткарган
10 / 11
Айталиев "Айтыш" коомунда көптөгөн жаштарды тарбиялап устаттык кылган. Анын шакирттеринин арасында Замирбек Үсөмбаев, Азамат Болгонбаев, Аалы Туткучев, Элмирбек Иманалиев бар.
11 / 11
III даражадагы Манас орденинин ээси 81 жашында көз жумган.