БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Элмирбек Садыров Жаштар олимпиадасындагы беттештерде Кыргызстанга дагы бир медаль алып келди. Бул тууралуу мелдештердин расмий сайтында жарыяланды.
Элмирбек Садыров Жаштар олимпиадасында Кыргызстандын курама командасынын капитаны болгон. Ал 60 килограмм салмак категориясына чейинки кармашта ат салышкан.
Ал эми Султан Жеңишбеков дзюдо боюнча аралаш командалар ортосундагы мелдеште тайпасы менен үчүнчү орунга татып, анын мүчөлөрүнүн бардыгына күмүш байге ыйгарылды.
Буга чейин жаштар олимпиадасында сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов күмүш медаль, Хасан Баудунов фехтование боюнча коло байгеге татыктуу болгон.
Дзюдо боюнча Султан Жеңишбеков коло медаль тагынып, бирок ал өлкөнүн байге куржунуна салынган эмес.
Эске салсак, жаштардын олимпиадалык таймаштары Буэнос-Айрес шаарында 6-октябрда башталган. Оюндар 18-октябрь күнү жыйынтыкталат. Анда Кыргызстандан 13 спортчу спорттун жети түрү боюнча мөрөй талашууда.