Туристтер үчүн эң кооптуу маршруттар. Жүрөк титиреткен сүрөттөр

Sputnik

Сиздерге эң кооптуу туристтик маршруттардын сүрөт түрмөгүн сунуштайбыз. Мында жанды оозго тиштеткен жалгыз аяк жолдор, түнөргөн үңкүрлөр менен укмуштуудай аскалардын сүрөттөрү камтылган. Аны көргөн жүрөктүү адамдын дагы башы айланып кетиши мүмкүн.

1 / 10
Хуашань тоосу, Кытай. Туристтерге аскага мык уруп бекитилген такталардын үстүнөн өтүү сунушталат. Бийиктиктен кулап кетпөөгө бир гана сактануу жабдыктары жардам берет. Экстримди сүйгөндөр үчүн бул өзгөчө аттракцион. Коопсуздук жабдыктары үчүн 30 юань төлөө керек. Кемчилиги — аймакты тез-тез туман каптап турат. Бирок кайраттуу адамдар аттракциондун эч кандай коркунучу жок экенин айтышат.
2 / 10
Испаниядагы падышалык чыйыр жол. Ал эки шаркыратманын ортосунда жайгашып, дүйнөдөгү эң кооптуу жол катары катталган. Туурасы болгону бир метрди түзүп, кээ бир жерлери жарым-жартылай талкаланып калган. 2000-жылы үч альпинист каза болуп, аталган жай жабылган. Бирок экстрим сүйүүчүлөрүн бул дагы токтото алган эмес. Чыйыр жол туристтер үчүн 2015-жылы кайра ачылганы менен коноктордун саны кыйла азайып кеткени айтылат.
3 / 10
Уайна-Пикчу, Перу. Бул кыр арка байыркы Мачу-Пикчу шаарынан 360 метр бийиктикте жайгашкан. Саякатчылар дароо эле эки тоого тең билет алууну сунуштайт. Бир суткада 400 адам агылгандыктан билетти алдын ала алуу керек.
Суудан улам тайгак болуп калган кыр аркага абайлап чыкпаса коркунучтуу.
4 / 10
Пакая вулканы, Гватемала. Бул дүйнөдөгү эң активдүү жанар тоонун бири. Деңиз деңгээлинен 2552 метр бийиктикте жайгашкан.
5 / 10
Каньенлэндс сейил багындагы лабиринт, АКШ. Парк Юта штатында жайгашкан. Ал эми табигый лабиринт коруктун эң алыскы бөлүгүндө. Тар өтмөктөр, жаандан улам тайгак аскалар, таштын кулап турушу адам өмүрүнө коркунуч жаратат. Ошондой эле оңой эле адашып кетүүгө болот. Бул жактан жыл сайын онго чукул адам дайынсыз болот.
6 / 10
Маньпупунёр дөңсөөсү, Россия. Коми республикасынын Печоро-Илычский коругунун аймагында жайгашкан. Ал жакка атайын даярдыктан өткөн туристтер гана жөө бара алат. Ага жетиш үчүн тайганын аймагынан, бийиктиктерди ашып өтүүгө туура келет. Кээде жолдон аюуларды дагы жолуктуруу мүмкүн.
7 / 10
Эльбрус, Россия. Деңиз деңгээлинен 5642 метр бийиктикте жайгашкан. Ал Европа менен Россиядагы эң бийик тоо болуп эсептелет. Тоого чыккан адамдын климаттык шартка тез көнүп кетүү өзгөчөлүгү болушу керек. Антпесе тоо оорусуна чалдыгып калышы ыктымал. Чокусуна чыккан адамдын жолу болсо бир эле учурда Каспий менен Кара деңизди көрө алат.
8 / 10
Мароккодогу Тагхиа капчыгайындагы чыйыр жол
9 / 10
Шотландиядагы Анч Игч кыр аркасынын чокусуна кеткен чыйыр жол
10 / 10
Ирландиянын Клэр графтыгынын Мохер аскалары. Аскалар Атлантика океанынын жээгинде жайгашып Ирландиянын эң кооз жерлеринин бири болуп эсептелет. Асканын боюнда велосипедчилердин жолу бар.