БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Грозныйдын ардактуу жараны болду. Ал эми Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров спортчунун урматына салтанаттуу кечки тамак уюштурганын Р-Спорт жазды.
Хабиб Нурмагомедов Лас-Вегаста Конор Макгрегор менен UFC 229 турниринин алкагында беттешип жеңишке жеткен.
"Мен кымбаттуу тууганым Хабиб Нурмагомедовдун урматына салтанаттуу кечки тамак уюштурдум. Бейшемби күнү ал мага конокко келди", — деп жазды Кадыров.
Нурмагомедов менен болгон жолугушууга чечендердин "Ахмат" спорт клубунун спортчулары да чакырылган.
Грозный шаарынын мэри Ибрагим Закриев Хабибге "Грозный шаарынын ардактуу атуулу" наамы берилгенин айтты. Андан сырткары, Кадыровдун буйругу менен спортчунун атасы жана машыктаруучусу Абдулманап Нурмагомедовго "Чечен республикасынын дене тарбияга эмгек сиңирген кызматкери" наамы ыйгарылды.
Рамзан Кадыров ошондой эле Хабиб Нурмагомедовго кымбат баалуу автоунаа белек кылды.