Москвада элди сүзүп кеткен кыргызстандык таксистке соттун чечими чыкты

Айыпталуучу жабыркагандардан жана анын туугандарынан эл алдында кечирим сурады.
Sputnik

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Москванын Тверь соту адамдарды койдуруп алган кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулун кара жумушка кести. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Билдирүүгө ылайык, Анарбек уулу өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өкүнүп жатканын айтты. Ал карыздарынан кутулуп алуу максатында таксист болуп бир айга эле орношконун, унааны ижарага алып, көп күндөн бери уктабай иштеп жатканын кошумчалаган. Таксист кырсык болгон учурда чарчаганынан газ менен тормозду алмаштырып алганын белгиледи.

"Сот аны бир жыл 6 айга кара жумушка кести. Андан тышкары, айлык маянасынын 15 пайызы өлкө казынасына калып, өзү үч жылга чейин автоунаа айдоо укугунан ажыратылды", — деп жазылат маалыматта.

Аба майдандагы көз жаш. Чыңгыз Анарбек уулунун апасы Москвага жөнөп кетти. Видео
Айыпталуучу эл алдында жабыркагандардан жана анын туугандарынан кечирим сураган.

Эскерте кетсек, 16-июнь күнү такси кызматынын айдоочусу жол четиндеги 8 футбол күйөрманын койдуруп кетип, алар жеңил жаракат алышкан. Кырсыктын себепкери эки айга камалган.

Окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаракат алгандарды Кыргызстанга келип ден соолугун чыңдап кетүүгө чакырган.

Ал эми ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Москвага барып бейтаптардын абалы менен таанышып келген. Окуяны президент Сооронбай Жээнбеков да көз жаздымда калтырган эмес.