Бишкекте жеңил унаа сүзгөн маршрутка оодарылып кетти. Сүрөт

Окуя бүгүн, 12-октябрда эртең мененки саат 6.30да болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бишкектин түштүк магистраль менен Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишинде эл ташыган маршрутка менен жеңил унаа кагышты. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp каналы аркылуу билдирди.

1 / 2
Бишкектин түштүк магистраль менен Нуркамал Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилишинде эл ташыган маршрутка менен жеңил унаа кагышты
2 / 2
Маршрутка катуу соккудан улам оодарылып кеткен.

Анын айтымында, маршрутка катуу соккудан улам оодарылып кеткен.

Бишкек ШИИБдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кырсыгы болгонун тастыктады.

"Окуя бүгүн, 12-октябрда, эртең мененки саат 6.30да болду. Toyota Wish үлгүсүндөгү унаа сүзгөн маршрутка капталына оодарылып калды. Кырсыктын кесепетинен эки айдоочу менен эки жүргүнчү жаракат алды", — дешти милициядан.

Чогулган бардык материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. ЖКККБнын билдиришинче, маршрутканын айдоочусу медициналык кароодон өткөндөн кийин жумушка чыкты.