7-Апрель көчөсү ачылды. Сүрөттөр

Ремонттолгон көчөнүн узундугу эки чакырымды түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Борбор калаада оңдоодон өткөн 7-Апрель (мурунку Алматы) көчөсү ачылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.

1 / 2
Борбор калаада оңдоодон өткөн 7-Апрель (мурунку Алматы) көчөсү ачылды.
2 / 2
Эскерте кетсек, аталган көчө бир нече ай мурун жабылган.

Эскерте кетсек, аталган көчө бир нече ай мурун жабылган. Жол оңдоо иштери Чүй проспектиси менен Анкара көчөсүнүн ортосунда, алгач көчөнүн батыш бөлүгүндө, андан кийин чыгыш бөлүгүндө жүрдү.

Ремонттолгон көчөнүн узундугу эки чакырымды түзөт. Маалыматка ылайык, жолго жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар коюлду.