Казакстан Кыргызстандын эт азыктарына чектөө киргизди

Мындай чечимдин кабыл алынышына Кыргызстандагы малдын коркунучтуу оору менен ооруп жатканы негиз болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Казакстандын Айыл чарба министрлиги өлкө аймагына Кыргызстандан эт азыктарын алып кирүүгө 12-октябрдан тарта убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу министрликтин сайтында маалымдалат. 

Депутат: куш тумоосу деп жатып ишкерлерге тоскоолдук жараткан жокпузбу?
Ага ылайык, мындай чечимдин кабыл алынышына Кыргызстандагы малдын коркунучтуу оору менен ооруп жатканы негиз болгон.

Ошентип Казакстанга өз продукциясын экспорттоого укугу бар кыргызстандык беш ишканага убактылуу чектөө киргизилет.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан Казакстандан канаттуулардын эттерин алып кирүүгө чектөө киргизген болчу.