БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы Үмөталиев көчөсүндө оңдоп, калыбына келтирүү иштери аягына чыгып, колдонууга берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Ремонттук иштер "Бишкектин унаа жолдорун калыбына келтирүү" долбоорунун негизинде ишке ашты.
"Көчөнүн Жибек Жолу проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки аралыгында асфальт жаңыланып, бордюрлар алмаштырылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Шаар жетекчилигинен билдиришкендей, аталган көчөнү 2019-жылы оңдоо каралып жаткан. Биирок шаар тургундарынын өтүнүчү менен быйыл эле ремонттоо чечими кабыл алынган.