Баткенде жолбун ит талаган 8 жашар бала реанимацияга түштү

Баланын башы, моюну, бети жабыркап, мээси чайкалган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Баткенде сегиз жашар баланы жолбун ит талаганын өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Новопокровкада алабайдын талоонуна калган кыз башынан жаракат алды. Милиция эмне деди
Окуя бүгүн, 12-октябрда болгон. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жеткинчек саат 15.00дө реанимацияга жаткырылган. Дарыгерлер баланын башы, моюну, бети жабыркап, мээси чайкалганын, ошондой эле катуу шок алганын билдиришти.

Жеткинчектин абалы оор деп бааланууда, ага учурда медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.