Илбирс терисин жамынган кишинин ким экени аныкталды. Окуянын чоо-жайы

Сүрөткө түшкөн киши жасаганына өкүнө турганын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери илбирстин терисин жамынып сүрөткө түшкөн кишини тапты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ак илбирстин терисин жамынып түшкөн кыргызстандыктын сүрөтү социалдык тармактарга жайылып, көптөгөн сын-пикирлерге кабылган. 

Мужчина со шкурой снежного барса

Сүрөттөгү киши Оштун жашоочусу экени аныкталды. Ал мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерине сүрөт 2014-жылы тартылганын, Москвадан келе жатып Алматыдагы досунун үйүнөн түшкөнүн айткан.

"Кийин ал сүрөттү социалдык тармакка жарыялаган", — дешти мекемеден.

Кыргызстандын жараны бул кылыгына өкүнө турганын айткан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ак илбирсти өлтүргөндөргө 1,5 миллион сом айып салынат.

Бүгүнкү күнү өлкө аймагын 320 баш ак илбирс байырлай турганы маалымдалган.