Карамушкина Санкт-Петербургдагы кыргыздардын абалына кейиди

Депутат элчиликтин Санк-Петербургдагы концеляриясынын кеңсеси аябай тар экенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Депутат Ирина Карамушкина Санкт-Петербург шаарына Кыргызстандын консулдугун жана ИИМдин өкүлчүлүгүн ачууну сунуштады. Ушу тапта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар ар кандай маселелерди карап жатышат.

Карамушкина өткөн жумада Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Санкт-Петербургдагы концеляриясында болуп, түзүлгөн шарты таң калдырганын белгиледи.

"Санкт-Петербургда жашаган кыргызстандыктар көп. Былтыр эле 43 миңден ашуун адам барыптыр. Бирок ал жерде ТИМдин бир гана кызматкери жана юристи иштеп жатат. Отурган жери аябай тар, бир коридордон эле чакан бөлмө берилген. Ага карабай айына 300дөн ашык адамды кабыл алат. Кызматтык унаалары жок. Ушундай 5 миллион калкы бар шаарда өлкөнүн консулдугу ачылган эмес. Бул аябай уят нерсе. 2019-жылдагы бюджетке ушул маселени киргизип бериңиздер", — деди Карамушкина.

Кошматов: кээде өлүктү жөнөтө албай калабыз. Себеби, Кыргызстандын учактары албайт
Карамушкина ошондой эле "Авиатрафик" компаниясы менен буга чейин Россияда каза болгон кыргыздардын сөөгүн 200 доллар акы алып ташуу боюнча келишим түзүлгөнүн, бирок ал аткарылбай жатканын кошумчалады.

"Ортомчу компаниялар чыга калып бааны көтөрүп, сөөктү 35 миң рублдан ташып жатышат. Ушуну текшерип чыгалычы. Мындан сырткары 25 кыргыз жараны түрдүү кылмыштар боюнча айыпталып, Санкт-Петербургдун түрмөсүндө отурат. Мекендештерибиз бири-бири менен мушташып, жаңжал салып кылмыштарга барууда. Ошондуктан бул шаарга ИИМдин өкүлчүлүгүн ачуу керек", — деди депутат.

Ал ИИМдин өкүлчүлүгү ачылса кылмыштуулуктун алдын алып, жагымсыз окуялардын саны кыскара турганын кошумчалады.