Кыргызстандык спортчу Жаштар олимпиадасынан экинчи медалын тагынды

Олимпиадага Кыргызстандан 13 спортчу спорттун жети түрү боюнча мөрөй талашууда.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Фехтование боюнча кыргызстандык Хасан Баудунов 10-октябрда Азия-Океаниянын тандалма командасынын катарында чыгып, финалда Европа командасына 28:25 эсебинде утулуп, күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу иш-чаранын расмий сайтында айтылат. 

Белгилей кетсек, континенттер аралык командалык таймашта Хасан Баудунов Түштүк Корея, Япония, Тайбэй, Гонконг өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен Азия-Океаниянын намысын коргоду. Коло байге Америка континентинин командасына ыйгарылды.

Кыргызстандык спортчу биринчи жолу фехтование боюнча Азия чемпиону болду
Баудунов буга чейин жеке таймашта коло медалдын ээси болгон

Ал эми ошол эле күнү баскетболдун 3х3 стритбол түрү боюнча Кыргызстандын тандалма командасы (Нурбек Айданбек уулу, Сыймык Эсеналиев, Денис Геращенко, Нурсултан Лугмазов) "Д" тобунда Казакстанга 21:13 эсебинде, Италияга 21:6 эсебинде утулуп калды. Эми 14-октябрда Бельгия жана Латвия командалары менен беттешмекчи.

Эске салсак, жаштардын олимпиадалык таймаштары Буэнос-Айрес шаарында 6-октябрда башталган. Оюндар 18-октябрь күнү жыйынтыкталат. Анда Кыргызстандан 13 спортчу спорттун жети түрү боюнча мөрөй талашууда.