"Коопсуз шаар" боюнча парламентке премьерди чакыруу сунушталды

Депутат долбоор боюнча жарыяланган тендер жетинчи ирет ишке ашпай калганына нааразы болду.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев "Коопсуз шаар" боюнча долбоордун алкагында болуп жаткан иштер боюнча премьер Мухаммедкалый Абылгазиевди чакырып, маалымат угууну сунуштады.

Учурда депутаттар ар түрдүү маселелерди талкуулап жатышат.

Нурбаевдин айтымында, "Коопсуз шаар" боюнча тендер 2012-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Долбоор бир да жолу ийгиликке жеткен эмес.

"Бир адамдын да өмүрү биз үчүн абдан кымбат болушу керек. Эми мамлекеттик орган өзү туура эмес конкурс өткөрүп алып, сотко берип жатат. Бул деген убакытты созуу, "Коопсуз шаарды" ишке ашырбоого болгон аракет. Керек болсо премьер-министр өзү келсин. 2012-жылдан бери жетинчи жолу конкурс жарыяланып, жетинчи жолу өткөрө албай жатышат. Мындай өкмөттүн кереги барбы?" — деп суроо салды депутат.

"Коопсуз шаарды" ишке ашырчу компанияга доомат коюлду. Багы жокко дагы жокпу?
Эл өкүлү "Коопсуз шаар" долбоорун коңшу мамлекеттер киргизип иштетип жатканын айтып, бул нерсени Кыргызстан жүзөгө ашыра албай жатышы уят нерсе экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча акыркы конкурс сентябрдын башында өтүп, россиялык "Вега" радиокуруу компаниясы жеңүүчү деп табылган. Бирок бул компанияга даттануулар түшүп, конкурстун жыйынтыгы жокко чыгарылган.