Министр Таалайгүл Исакунова кызматынан алынды

Аткаминер айымдын аты бир катар чуулуу иштерде аталып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү имнистри Таалайгүл Исакунова кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Министр боло калам деп чырга кабылып... ЖКнын "атагы чыккан" экс-депутаттары
Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Маалыматта Исакунова жумушунан өзүнүн берген арызынын негизинде бошотулганы айтылат.

Эскерте кетсек, буга чейин ЖК депутаты Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова чет өлкөгө мамлекеттин эсебинен барган деген маалыматтар документ аркылуу далилденип жатканын кабарлаган. Кийинчерээк министрдин өзү эле эмес, орун басарлары Лунара Мамытова менен Зууракан Каденова да өлкө эсебинен бир нече ирет чет өлкөлөргө чыгып келгенин айткан.