Хабибдин Instagram баракчасына катталгандардын саны эки эсе өсүп, 12 млн. болду

Катталгандардын арасында UFC уюмунун атагы чыккан мушкерлери жок.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. UFC уюмунун россиялык мушкери Хабиб Нурмагомедовдун Instagram баракчасына катталгандардын саны эки эсеге көбөйүп, 12 миллионго жетти. Спортчунун мындай ийгилигине ирландиялык Конор Макгрегор менен болгон беттешүүсү себеп болгон.

Ушу тапта анын аккаунтуна 12 миллионго чукул киши катталган. Беттешке чейин бул көрсөткүч 6 миллиондун тегерегинде болчу. Ал эми Хабиб өзү болгону 357 адамдын баракчасына катталган. Булар негизинен россиялык футболчулар менен мушкерлер. Алардан тышкары, Нурмагомедов "Реал Мадрид" футболдук клубу менен "Ювентустун" оюнчусу Криштиану Роналдунун расмий аккаунтуна катталган. Футболчу да Хабибге жооп берген.

Мушкердин баракчасына катталгандардын арасында актер Дуэйн Жонсон, "Реалдын" футболчулары Карим Бензема, Серхио Рамос, Counter-Strike Global Offensive боюнча киберспортчу Данил Тесленко жана башкалар бар.

Нурмагомедов адатта баракчасына машыгуунун сүрөт, видеолорун, ишиндеги урунттуу учуруларды, достору менен эс алып жаткан ирмемдерин жүктөйт.

Нурмагомедов Дана Уайттын унаасын талкалайм деп "коркутту"
Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов Лас-Вегаста өткөн UFC 229 турниринин башкы беттешинде Конор Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен утуп алган. Таймаштан соң россиялык мушкер октагондон секирип түшүп, атаандашынын спарринг-өнөктөшү Диллон Дэниске кол салган. Ал эми тор ичинде Макгрегорго Хабибдин досу Зубайра Тухугов менен агасы Абубакар кол көтөргөн.

Натыйжада чемпиондук кур Нурмагомедовго бир нече сааттан кийин гана берилген. Хабиб мындай жорукка Макгрегордун командасынын чагымчылык аракеттери себеп болгонун түшүндүрүп берген.