Радио

Ашырбаев: 8 айда 247 миң тонна көмүр экспорттолду

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев Кыргызстандын кара алтыны Өзбекстан, Кытай жана Тажикстанга экспорттолорун айтты.
Sputnik
Ашырбаев: 8 айда 247 миң тонна көмүр экспорттолду

Былтыр 251 миң тонна көмүр коңшу мамлекеттерге жиберилген болсо, быйыл 8 айда эскпорттолгон көмүрдүн көлөмү 247 миң тоннаны түздү. Бул тууралуу Канатбек Ашырбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз көмүрүнүн басымдуу бөлүгү Өзбекстанга жөнөтүлөт.

"Кыргызстанга чет жактан бир гана Казакстандан көмүр келет. Ысык-Көл, Талас облустарын алсак, булар башынан бери эле казак көмүрүн жагышат. Кара-Кечеден Таласка көмүр алып барганча, Казакстандан келген көмүр арзан жана алып келүүгө ыңгайлуу болот. Мындан тышкары, Кыргызстан да көмүрдү коңшу өлкөлөргө экспорттоп турат. Учурда Өзбекстанга 135 миң тонна, Кытайга 94 миң тонна, Тажикстанга 20 миң тоннадай көмүр жөнөтүлдү", — деди Ашырбаев.

Ал жарандарды кар жааганга чейин көмүр сатып алууга чакырып кетти.