Бакиров: ӨКМ тик учагын ижарага берип, акысын алигиче ала албай жүрөт

Депутат ӨКМ бүгүнкү күнгө чейин соттошуп жүргөнүн кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеке компанияга тик учагын ижарага берип, анын акчасын бүгүнкү күнгө чейин ала албай жүргөнүн түрдүү маселелер каралып жатканда айтты.

Эл өкүлү сотко элдин эле эмес, өкмөттүн да ишеничи кеткенине токтолду.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги убагында Al mail aviation service FZ деген жоопкерчилиги чектелген коомуна тик учагын ижарага берип, мыйзамдуу келишими турса дагы бүгүнкү күнгө чейин 78 миллион сомдун доосун өндүрө албай келет. Анын ичинде ижара акысы 42 миллион, тууму жана башкасы 36 миллион сом экен", — деди Бакиров.

Аламүдүндөгү мөңгүдө үстүнө таш кулаган туристтерди куткаруу учуру. Видео
Депутат бул маселенин айланасында министрлик бир нече жылдан бери соттошуп келе жатканын белгилеп, сот мыйзамдуу келишим турса да көз көрүнөө эле өкүмдү жеке компаниянын пайдасына чыгарып берип койгонун айтты.

"Өкмөт өзүнүн доосун ала албай жатса, карапайым калк таптакыр эле түңүлүп, "рахмат силерге" деп эшикти жаап чыгып кетиши керек экен да. Муну бир тартипке сала турган орган барбы?" — деп эл өкүлү суроо салды.

Ал ошондой эле соттун тизгинин тартып, тартипке чакырып, керек болсо жоопко тарта турчу мезгил келеби, деген пикирин кошумчалады.