Мындан улам редакция уюлдук телефонду жоготуп алган адам кандай кадамдарга барышы керек экендигин жана уурулуктун алдын алуу жолдорун билип көрдү.
Милицияга уюлдук операторлор чоң жардамчы
Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүнүн башчысынын орун басары Чолпонбай Сатыбалдиевдин айтымында, аппараттарды издөө иши уюлдук операторлордун көмөгү жок ишке ашпайт.
"Жабырлануучудан арыз түшүп кылмыш иши козголгондон кийин телефон номери менен IMEI кодун уюлдук оператордун компаниясына өткөрүп беребиз. Алар уурдалган телефон ээсинен ажырагандан кийин канча жолу чалуу кызматын аткарганын жана болжолдуу түрдө каякта жүргөнүн аныктаган маалымат берет. Биз ошол боюнча тергеп баштайбыз", — деди Сатыбалдиев.
Ал кылмышка шектүүлөр уурулук фактысы аныкталса үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендигин кошумчалады. Ошондой эле жабырлануучуга келтирилген чыгым төлөнүп же арыздан баш тартса, айыпталуучу кылмыш жоопкерчилигин жеңилдете алат.
Эмнеге айрым телефондор табылбай калат?
"Тергөө иши бир жумадан бир айга чейин созулат. Көп учурда уурулар телефонду уурдаганда аны сатып жиберишет же тетиктерин ажыратып өткөрүшөт. Өлкө ичинде болсо бир жөн, чет мамлекетке сатып ийгендар бар. Мындан улам уюлдук операторлор чалуулар менен жүргөн жерин аныктай албай убара тартат. Бизге да ошону менен маалымат түшпөйт. Биз уурулук фактысынын кандай гана түрү болбосун жоопкерчилик менен мамиле жасайбыз. Телефондун арзан, кымбатына карап иш жүргүзмөй жок", — деди тергөөчү.
Ошондой эле ИИМ Бишктектеги ири соода борборлорундагы аппарат сатуучуларга маалы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турарын кошумчалады.
Ал белгилегендей, милиция кызматкерлери Орто Азиянын укук коргоо органдары менен биргелешип иш алып барышат.
Жабырлануучунун кулагына күмүш сырга:
— Сак болуңуз. Ар убак жаныңыздагы буюмдарды толуктап туруңуз;
— Телефон жоголгон күндөн тарта убакыт өткөрбөй өзүңүзгө жакын жактагы милиция бөлүмүнө арыз жазыңыз;
— Арыз жазганда телефондун коробкасында жазылган IMEI коддун көчүрмөсүн кошуп бериңиз. Эгерде коробкасын жоготуп жиберсеңиз, номуруңузду таштайсыз (IMEI кодду номер аркылуу уюлдук компания аныктайт); IMEI (International Mobile Equipment Identity) — эл аралык мобилдик жабдыктарды идентификациялоо.
— Эски телефонду сатып алгандан деле алыс болгонуңуз жакшы. Себеби ал деле уурдалган болушу мүмкүн. Тергөө иштеринин жүрүшүндө сиз дагы суралып калышыңыз ыктымал.
IT адиси Михаил Дудин эмне дейт?
Ушундай эле мүмкүнчүлүктөр iPhone смартфонунда да бар
— Google (icloud) сакталган сыр сөздүктү алмаштыруу;
— Бардык социалдык тармактагы, электрондук почтадагы сыр сөздөрдү алмаштыруу;
— Жакын жактагы уюлдук телефонду тейлеген оператор менен байланышып, сим-картанын жуп нускасын (дубликат) алуу;
— Номердин жуп нускасын жаңы телефонго салып мессенджерлерге (WhatsApp, Telegram жана башка) кайра катталсаңыз болот.
Телефондогу жеке маалыматтарды коргойм деген жабырлануучуга кеңеш:
— Экранды сөзсүз түрдө өзүңүзгө ыңгайлуу ыкма менен блоктоңуз;
— Мындан сырткары, социалдык тармактарга өзүнчө кулпу жасасаңыз болот;
— Убагы менен "телефонду табуу" кызматын тууралап, текшерип туруңуз.
Эс-тутум картанын ичиндеги сүрөт, видеолор эмне болот?
Телефонду жоготуп алуу оңой. Ошондуктан маалыматтарды ар дайым смартфондун резервдик көчүрмөсүнө сактоо зарыл. Же болбосо компьютерге сактап коюңуз. Мындан сырткары, файлдарды шифрлеп, сиз гана ача алгыдай кылып койсоңуз болот.
Телефондорду каттатып алып көтөрсөк, уурдалбай калабы?
Аматов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде телефон аппараттарын, планшеттерди, дегеле, сим карта салып көтөргөн байланыш каражаттарын каттоодон өткөрүү зарылбы, бул процесс качан башталат, баасы кескин кымбаттап кетпейби деген өңдүү бир канча суроолорго жооп берген.
Ошондой эле ишкерлер телефондорду каттатып баштасак, баасы кымбаттайбы же жокпу деген суроонун алкагында ой калчаган.