Султан Жумагуловдун сөөгү жерге берилди

Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Белгилүү журналист, Маданият, маалымат жана туризм министри кызматын аркалаган Султан Жумагуловдун сөөгү жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узаруу зыйнаты Кыргыз улуттук драма театрында өтүп, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, КР президентинин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Эл акыны Шайлообек Дүйшеев сыяктуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышып, Жумагуловдун адистик жана адамдык сапаттарына, кыргыз журналистикасына кошкон зор салымына токтолушту.

Жумагулов 8-октябрга караган түнү онкологиялык оорудан улам ооруканада көз жумган. Ал 59 жашта болчу.

1 / 4
Белгилүү журналист, Маданият, маалымат жана туризм министри кызматын аркалаган Султан Жумагуловдун сөөгү жерге берилди
2 / 4
Маркумду акыркы сапарга узаруу зыйнаты Кыргыз улуттук драма театрында өтүп, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, КР президентинин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Эл акыны Шайлообек Дүйшеев сыяктуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышып, Жумагуловдун адистик жана адамдык сапаттарына, кыргыз журналистикасына кошкон зор салымына токтолушту
3 / 4
Жумагулов 8-октябрга караган түнү онкологиялык оорудан улам ооруканада көз жумган
4 / 4
Ал 59 жашта болчу.