Радио

Турганбаева: сүйүнчү пул алуу үчүн үч документ талап кылынат

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Айкөл Турганбаева бала төрөлгөндө берилчү сүйүнчү акча, документ тапшырылгандан кийин 2-7күн аралыгында колго тиерин айтты.
Sputnik
Турганбаева: сүйүнчү пул алуу үчүн үч документ талап кылынат

Сүйүнчү пул алуу үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, атасынын же энесинин арызы жана банктык реквизити керек болот. Бул тууралуу Айкөл Турганбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сүйүнчү пулду берүү боюнча аталган министрлик менен 16 банктын келишими бар.

"Бала төрөлгөндө бир жолку берилчү "сүйүнчү пул" долбоору быйыл гана иштеп баштагандыктан көп мүчүлүштүктөр болду. Анын баары акырындап жолго түшүп келе жатат. Алгач сүйүнчү пул алууга ата-эне документ тапшыргандан кийин да бир айга чукул күтүп, анан акчасын алып жатышкан. Азыр 2-7күндүн аралыгында каражат колго тиет. Ошондой эле мобилдик телефондоруна, эсебине сүйүнчү пул келип түшкөндүгү тууралуу билдирүү алышат. Мындан сырткары, учурда үч гана документ — баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энесинин бирөөсүнүн атынан арыз жана банктык реквизиттери талап кылынат. Сүйүнчү пулду алууда акысыз тейлөө боюнча биздин министрлик менен өлкө аймагында 16 банктын келишими бар. Алар эч кандай акча албай туруп, эсеп ачып бериши керек", — деди Турганбаева.

Ал бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай аралыгында сүйүнчү пул алууга документ тапшырган гана ата-эне акча ала аларын кошумчалады.