Радио

Чаргынов: илимге адамдыкы деп киргизилген тиштер эликтики болуп чыкты

Кыргыз улуттук университеттинин доценти, археолог Темирлан Чаргынов Баткен облусунун Айдаркен районундагы Сел-Үңкүр деп аталган жерде окумуштуулар беш жылдан бери археологиялык казууларды жүргүзүп келишерин айтты.
Sputnik
Чаргынов: илимге адамдыкы деп киргизилген тиштер эликтики болуп чыкты

1980-жылдары Сел-Үңкүрдөн табылган тиштер адамдыкы эмес, эликтики болуп чыкты. Союз мезгилинде өзбек археологдору бул жерден тиштерди таап, ал табылгалар 1 миллион 500 (1,5 миллион) жыл мурда жашап өткөн адам тиштери деп илимге киргизилген. Бул тууралуу Темирлан Чаргынов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2016-2017-жылдары ушул эле жерде жүргүзүлгөн казуу иштерининин жыйынтыгында дал ушундай эле тиштер табылып, бирок алар адамга эмес эликке таандык экени аныкталган.

"Айдаркенде Сел-Үңкүр деген жер бар. Бул аймакта 80-жылдары өзбек окумуштуулары тарабынан казуу иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мындан 1,5 миллион жыл мурда жашаган үч адамдын тиши жана далы сөөгүнүн калдыктары табылган. Алар учурда Ташкенттеги тарых музейинде сакталып турат. Бул ачылыш китептерге жазылып, мектеп программаларына да кирген. Адистигим археологиянын ичинде да палеолит таануу багыты болгондуктан, биз байыркы адамдар таштан жасап колдонгон буюм-тайымдарды изилдейбиз. Изилдөөлөрүбүздүн биринде ушул эле Сел-Үңкүрдөн так эле ошондой тиштерди биз да таптык. Бирок илимий иликтөөлөр, атайын экспертиза, адистердин берген тыянагына таянсак, алар адам эмес эликтин тиштери болуп чыкты. Демек бул ошол кезде табылган тиштерге туура эмес аныктама берилген дегенди түшүндүрөт", — деди Чаргынов.

Ал бардык археологиялык табылгалар Мамлекеттик тарых музейине өткөрүлүп берилерин кошумчалады.