Кыргызстандын Казакстандагы элчиси эки жылдан кийин акыры дайындалды

Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

2016-жылы мурдагы элчи Эсенгул Өмүралиев кызматтан кеткенден кийин Кыргызстандын аталган өлкөдө өкүлү жок болчу.