Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда жаан карга айланат

Айрым аймактарда үшүк жүрүшү мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. 13-14-октябрда Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөрүн Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Бишкекке качан жылуулук бериле баштайт? Мэриянын жообу
14-октябрда Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде —1…-3 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Бишкекке качан жылуулук берилерин материалдан окуңуздар.