Мурдагы "Ирак сулуусун" атып кеткен окуя видеого түшүп калган

Интернет айдыңына мурдагы "Ирак сулуусу" Тара Фарести өз машинасынан атып кеткен окуянын видеосу тарады.
Sputnik

Видео жазылма Metro басылмасынын Youtube каналына жүктөлдү.

Жардан түртүп, сарайдан өрттөп жиберишкен. Жалал-Абаддагы чуулуу окуя
Тасмада көрүнүп тургандай, белгисиз адам кыздын унаасына чуркап келип ок чыгарып, шеригинин мотоциклине отурган бойдон качып кеткен. Маркумдун унаасы жай жүрүп отуруп башка унааны кагып токтогон.

Ирактын сулуусу тара Фарес сентябрдын аягында Багдадда киши колдуу болгон.

30 жаштагы моделдин денесине үч ок тийип, Зейид шейх ооруканасына жеткирилген. Айрым ЖМКлардын жазышынча, кыз эки жолу башка жана бир жолу көкүрөк тушка ок жеген.

Тара Фарес 2015-жылы "Ирак сулуусу" конкурсун жеңип, бир канча убакытка Европага кеткен. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына ачык-айрым сүрөттөрүн жарыялап келгендиктен колдонуучулар арасында популярдуу болгон.