Бишкекте жөө аялды BMW сүзүп, айдоочусу качып кетти. Сүрөт

Аял башынан жаракат алып ооруканага жаткырылды.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкекте Медеров менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу жөө адамды коюп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирип, WhatsApp каналы аркылуу сүрөт жиберди. 

Анын айтымына караганда, жабыркаган аял унаалар өткөн жолдо жаткан. Окуя шаршемби күнү саат 20.50дө болгон. 

Бишкек ШИИБдин ЖКККББсы аталган фактыны тастыктап, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткенин маалымдады. 

“Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат. Күбөлөрдүн айтымында, аялды BMW үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен. Жабырлануучу 50-55 жаштар чамасында”, — деп милициядан билдиришти.

Аял ооруканага жеткирилген. Ал эми күнөөкөр милиция тарабынан изделип жатат. 

1 / 2
Бишкекте Медеров менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу жөө адамды коюп кетти
2 / 2
Аял ооруканага жеткирилген. Ал эми күнөөкөр милиция тарабынан изделип жатат.