Бүгүн эртең менен Алайда жер силкинди

Нура айылында жер титирөөнүн күчү 4 баллга чейин жеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бүгүн эртең менен саат 7:48де Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы Улуттук илимдер академиясы Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 4 балл, Көк-Суу айылында 3,5 балл жана Кара-Киндик айылында 2,5 балл болуп сезилген.

Соңку маалыматка караганда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.