Жээнбеков Таласта 250 адамга жумуш берген төө буурчак заводун ачты

Кайра иштетүү заводунан чыккан өндүрүм 25 өлкөгө экспорттолот.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында буурчакты кайра иштетүүчү заводдун ачылышына катышты. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы заводдун ишинин башталышына расмий старт берип, Кыргызстанда өстүрүлүп жаткан төө буурчак эл аралык аренада чоң суроо-талапка ээ экендигин белгиледи.

1 / 5
Президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында буурчакты кайра иштетүүчү заводдун ачылышына катышты.
2 / 5
Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы заводдун ишинин башталышына расмий старт берип, Кыргызстанда өстүрүлүп жаткан төө буурчак эл аралык аренада чоң суроо-талапка ээ экендигин белгиледи.
3 / 5
Ошондой эле ал аймактарда дагы ушул сыяктуу ишканалар ачыла турганын айтып өттү.
4 / 5
Жаңы ачылган завод 250гө жакын жергиликтүү тургунду жумуш менен камсыз кылат. Андан чыккан буурчак 25 өлкөгө, анын ичинен Иранга, Түркияга, Индияга экспорттолот.
5 / 5
"Азра" компаниясынын негиздөөчүсү Миргазы Оморов мамлекет башчысына 1997-жылы түзүлгөн компаниянын ишмердүүлүгү туурасында айтып берди.

"Өлкөбүз жылына 90 миң тонна экспорттоп, 70 миллион доллар пайда табат. Буурчак өндүрүүдө 150 миңден ашуун адам эмгектенет. Ошентсе дагы өндүрүлгөн буурчакты кайра иштетүү, рынокко чыгаруу жана сатууда маселе жаратууда. Бул да чет элдик инвесторлордун жана өлкөнүн финансылык институттарынын колдоосунда жергиликтүү ишкерлердин демилгеси менен чечиле баштады", — деди өлкө башчы.

Ошондой эле ал аймактарда дагы ушул сыяктуу ишканалар ачыла турганын айтып өттү.

Жаңы ачылган завод 250гө жакын жергиликтүү тургунду жумуш менен камсыз кылат. Андан чыккан буурчак 25 өлкөгө, анын ичинен Иранга, Түркияга, Индияга экспорттолот.

Кыргызстанда ири завод ачылып, 500 адамды иш менен камсыз кылат
"Азра" компаниясынын негиздөөчүсү Миргазы Оморов мамлекет башчысына 1997-жылы түзүлгөн компаниянын ишмердүүлүгү туурасында айтып берди. Анын негизги багыты — буурчак өстүрүү, экспорттоо, интенсивдүү мөмө бактарын олтургузуу, продукцияны экспорттоо. Жылына орточо эсеп менен 15 миң тоннадан ашуун буурчакты чет өлкөгө сатат.

Тазалоо боюнча эки завод, буурчакты өлчөө жана таңгактоо өндүрүшүнүн күнүмдүк орточо кубаттуулугу 250 тонна, ошондой эле Кыргызстан боюнча 700 гектардан ашуун аянтка интенсивдүү алма бактары отургузулган.

Белгилей кетсек, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу интенсивдүү жер иштетүүнү каржылоо максатында жалпы суммасы 134 миллион сомду түзгөн 24 долбоорду колдоого алган. Анын ичинен Талас облусу боюнча 2 долбоор жактырылып, 3,7 миллион сом бөлүнгөн. Мунун алкагында эки жылдык каникулу бар 7 жылдык кредиттик линия ачылган.