Радио

Төлөбеков: жаш футболчуларыбыз чет элдик командада ойноого бел байлоодо

"Лидер" социалдык долбоорунун тартуу иштери боюнча координатору Талант Төлөбеков мыкты футбол оюнчуларынын эл аралык аренага чыгышына шарт түзүп берүүгө аракет жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
Төлөбеков: жаш футболчуларыбыз чет элдик командада ойноого бел байлоодо

Кыргызстандын жаш футболчулары Россия жана Түркиянын командаларында ойноого бел байлап жатат. Бул тууралуу Талант Төлөбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 3-25 октябрь күндөрү долбоордун финалдык бөлүгү Бишкекте жыйынтыкталып, андан кийин оюнчулардын чет өлкөдө машыгуулары уланмакчы.

"Бул долбоордо атайын машыктыруу иштери жүрүп, жаш футболчуларды машыктыруучулар баллдык көрсөткүч менен баалап турат. Жума сайын аз балл топтогон үч оюнчу чыгарылып, соңунда мыкты делген гана спортчулар калат. Мындан улам балдар өздөрү да аракет кылып, атаандаштарын жеңүүгө болгон күчүн жумшайт экен. Учурда аймактардан тандалган футболчуларга борбор калаада жашаган жери, машыгуусу боюнча бардык шарттар түзүлүп, жада калса алардын тамактарын диетологдор көзөмөлгө алып жатат. Алар мындай шарттар буга чейин түзүлбөгөнүн айтып, кубанганын жашырышкан жок. Негизи толук шарттар болсо бизден деле дүйнөгө белгилүү футболчулар чыгат", — деди Төлөбеков.

Ал региондордон келген оюнчуларга апта соңунда маданий жактан азыктандыруу максатында театрга баруу сыяктуу да иш-саралар каралганын кошумчалады.