Куш тумоосу жайылуудабы? КР Казакстандан кирген тоок этине чектөө киргизди

Мындай чечим Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы кабыл алган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстан Казакстандан тоок этин импорттоого чектөө киргизди. Буга куш тумоосу жүрө баштады деген шек себеп болгон. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, куш тумоосу Алматы облусундагы куш фабрикасынан жайыла баштады деген божомолдор бар. Чектөө бардык жагдай иликтөөдөн өткөнгө чейин киргизилет.

Тыюу салынган продукциялар:

— тирүү куштар (зоопарк менен цирктегилер дагы кирет), инкубация жолу менен алынган жумурткалар;

— тоок эти, меланж, альбумин, жумуртка порошогу;

— мамык, куштун канаттары;

— үй жаныбарлары үчүн куш этинен жасалган тоюттар, кошулмалар;

— тоок этин бөлүктөргө бөлгөн эски жабдыктар.