Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевич — өмүр баяны

Тайырбек Сарпашев 1968-жылы 23-августта Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Торкент айылында туулган.
Sputnik

Билими: 

1991 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Эмгек жолу:

1991 – 1994 — "Түшүм" жана "Саят" ишканаларын жетектеген;

1994 – 1999 — "Градиент" ЖЧКсынын директору;

1999 – 2000 — "Түгөлбай ата" эл аралык коомунун вице-президенти;

2000 – 2005 — Жогорку Кеңештин депутаты, Отун-энергетика комплекси комитетинин төрагасы;

2005 – 2007 — Жогорку Кеңештин депутаты;

2007 – 2012 — ишкер, жеке тармактарда иштеген;

2012 – 2014 — экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр;

2014 – 2015 — КР биринчи вице-премьер-министри;

2015 – 2017 — Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси.

Башка маалыматтар:

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.