Лейлектин айылдарына кар жаады. Жеринен алынган сүрөттөр

Айылдыктардын көбү алманын түшүмүн жыйнап бүтө элек болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Лейлек районунун бир нече айылдарында бүгүн түндө кар жаады. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү тургун Райхан Ирназарова кабарлап, сүрөттөрүн жиберди.

Ал Лейлектин Көк-Таш айылында жашайт. Айтымына караганда, түндө жааган кар жердин бетин агартып, калыңдыгы 1-2 сантиметрдей болгон.

1 / 2
Лейлек районунун бир нече айылдарында бүгүн түндө кар жаады.
2 / 2
Түндө жааган кар жердин бетин агартып, калыңдыгы 1-2 сантиметрдей болгон.

"Көпчүлүк эгин-тегинин жыйнап бүтүп калган. Айрымдар эле картошкасын казып ала элек болчу. Бирок көбү алманын түшүмүн жыйнап бүтө элек эле. Азыр жер тоңгон жок, бирок кечинде катуу суук болсо үшүк алып кетүү коркунучу бар. Учурда кар кайра эрий баштады. Быйыл эмнегедир кар эрте жаады, адатта ноябрь айынан кийин жаачу", — деди Ирназарова.

В Лейлеке выпал снег
Ошондой эле ал райондун Көк-Таш айылынан сырткары Анарак жана Кара-Булак айылдарына, жалпылап айтканда тоолуу тарабына гана кар жааганын, ал эми Лейлектин борбору Исфана шаарында кар жок экенин кошумчалады.