Кыргызстанда 8 миллион долларлык долбоор ишке кирди. Пайда-батасы

Бөлүнгөн каражаттын арты менен жакыр жашаган 100 миңдеген үй-бүлөгө айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө колдоо көрсөтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Россия өкмөтү Кыргызстандын соода-сатык коопсуздугун жакшыртууга багытталган долбоорду ишке ашыруу үчүн сегиз миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйында билдирди.

Рыскулов: кара өрүк сатып алчулар Кыргызстанда ящик жок деп келбей коюшту
Гранттык каражаттын арты менен 300 айыл аймагынжа жакыр жашаган 100 миңдеген үй-бүлөгө айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө колдоо көрсөтүлүп, жарандардын кирешесин арттырууга жол ачылат. Ошондой эле каржы жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу иштерине да багытталат. Көрсөтүлгөн сумма долбоорду ишке ашырганы жаткан БУУнун Дүйнөлүк соода-сатык программасына которулган.

Крутько Кыргызстанды колдоого багытталган бул алгачкы программа эместигин белгиледи. Анын айтымында, ишке ашкан башка дагы донорлук долбоорлор өз жыйынтыктарын бере баштады.

"Мектептерге ысык тамак берүү боюнча долбоордун ишке ашканын айта кетейин. Бул анча өнүгө элек аймактардагы билим берүү мекемелерине жакшы эле жардам болду. Ага 10 миллион доллар жумшалып, реалдуу жыйынтыктарын берип жатат. Программага тийиштиги жок мектептер дагы үлгү алып, жеке өздөрүнүн каражатына ысык тамак бере баштады", — деди Крутько.

Ал эми БУУнун Дүйнөлүк соода-сатык программасынын Кыргызстандагы директору Андреа Баньоли каражат бөлгөн Россиянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, РФ эң негизги донорлордун бири экенин белгиледи.