Google+ социалдык тармагы жабылат. Себеби

Google+ кызматы келерки жылдын август айынан тарта ишин толук токтотот.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Google компаниясы өзүнүн Google+ социалдык тармагын 500 миң колдонуучунун маалыматы сыртка чыгып кеткендиктен жаба турган болду. Бул тууралуу компаниянын расмий маалыматында айтылат.

Программанын иштөөсүндө ката кеткендиктен жарым миллион кишинин жеке маалыматтарынын купуялуулугу коркунучка кептелгени дүйшөмбү күнү маалым болду. Андан сырткары, социалдык тармак колдонуучулар тарабынан анчейин популярдуу болбогондуктан дагы жабылууга себеп болгон.

"Жаралган кыйынчылыкты (маалыматтардын сыртка чыгып кетиши) эске алуу менен жана колдонуучулар тарабынан популярдуу болбогондуктан Google+ кызматын жабууну чечтик", — деп айтылат маалыматта.

Трамп: Google, Twitter, Facebook өз колдонуучуларын алдап жатат
Ал эми бул кызматты колдонуп келгендер маалыматтарын кантип сактап кала алары тууралуу кошумча кабар берилет.

Кызмат өз ишин толугу менен 2019-жылдын август айында токтотору айтылды.

Google+ социалдык тармагы 2011-жылдан тарта иштеп баштап, Facebook социалдык тармагынын атаандашы болот деп пландалган. Бирок ал үмүт акталган эмес. Бир катар ЖМКлар бул аракетти Google компаниясынын эң негизги туура эмес чечими деп баалашкан.