Бейтапканада каза болгон кыз. Ийне сайган дарыгер өз ордунда иштеп жатат

Алдын ала маалыматтарга караганда, өспүрүм анафилактикалык шоктон улам көз жумган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бишкектеги №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 16 жаштагы окуучу кызга ийне сайган дарыгери өз ордунда иштеп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.

Эске салсак, окуучу кыз аталган борбордо ийне сайдырып, 20 мүнөттөн кийин ошол эле жерден каза болуп калган. Кырсык өспүрүм ийне сайдыруу үчүн үчүнчү жолу келгенде болгон.

Калмаматовдун айтымында, азыр кызматкерди иштен кетирүүгө же убактылуу четтетүүгө негиз жок.

"Учурда окуя болгондон кийин жерине барып иштеп, териштирүү иштерин жүргүзгөн атайын комиссиянын чыгарчу бүтүмүн күтүп жатабыз. Ошондой эле соттук-медициналык экспертизанын дагы жыйынтыгын алышыбыз керек", — деди Калмаматов.

Адис кошумчалагандай, өспүрүм 1-сентябрда көз жумган. Укук коргоо органдары ошол эле күнү тиешелүү экспертизаларды дайындаган. Жыйынтыгы эки айдын ичинде даяр болууга тийиш.

Энесин мээден ары бир койгум келди... Нарындагы дарыгер агынан жарылды
Бишкек шаардык ишчи иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришкендей, кыз башы ооруп жатканын айтып, дарыгерлерге 30-август күнү атасы экөө кайрылган.

"Өспүрүм башын текшертүү үчүн магниттик-резонанстык томографияга жөнөтүлүп, кийин дарылануусун №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда уланткан. Оорулуу үчүнчү күнү ийне сайдыргандан кийин эсин жоготуп, өзүнө келбеген бойдон көз жумган", — деп айтышты милициядан.

Бул фактыны Свердлов райондук милициясы каттоого алып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Бирок укук коргоочулардын айтымында, дарыгерди кармоого азырынча негиз жок. Анткени буга чейин "өспүрүмдүн өлүмүнө анафилактикалык шок себеп болду" деп айтылган.