Ар бир айылга банкомат коюуга каражат тартыш. Алардын эң арзаны 10 миң доллар турат. Бул тууралуу Нийматжан Мавлянов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул себептен алыскы аймактарда банк аркылуу карточканы постердин алдынан өткөрүп, каражатты алууга болот.
"Банкомат – бул автоматташтырылган аппарат. Ага карточканы салып эле акчаны алса болот. Бирок бул аппараттардын баасы өтө кымбат. Эң арзаны 10 миң доллар турат. Аны ар бир айылга коюуга мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан арзан жолун карап, акчаны банк аркылуу постер менен алуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыктык. Мындай аракет 330 айылга жасалып, пилоттук негизде иш алып бардык", — деди Мавлянов.
Ал почта кутучаларын ар бир үйгө коюуга "Кыргыз почтасынын" күчү жетпей турганын, эгер үй ээси өз эрки менен кутуча кое турган болсо кызматкерлер келген каттарды ага салып турарын кошумчалады.