Аргентинадан алгачкы медалдар! Петрашов күмүш алды

Бүгүн, 9-октябрда, кыргызстандык дзюдочу Шахида Нармухамедова 78 килоргамм салмакта күч сынашат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Аргентинада өтүп жаткан III Жаштар олимпиадасында кыргызстандык спортчулар Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча мелдеште күмүш, Хасан Баудунов фехтование боюнча коло медаль тагынганы иш-чаранын расмий сайтына жарыяланды. 

Эскерте кетсек, спорттук таймаш Буэнос-Айрес шаарында 6-октябрда башталган. Оюндар 18-октябрь күнү жыйынтыкталат. Анда Кыргызстандан 13 спортчу спорттун жети түрү боюнча ат салышууда.

1 / 2
Аргентинада өтүп жаткан III Жаштар олимпиадасында кыргызстандык спортчулар Петр Петрашов сууда сүзүү боюнча мелдеште күмүш алды
2 / 2
Хасан Баудунов фехтование боюнча коло медаль тагынды

18 жаштагы эл аралык спорт чебери Денис Петрашов 100 метр аралыкты 1 мүнөт 1,34 секундда сүзүп өтүп, экинчи орун алган. Ал эми биринчилик кытай спортчусуна буйруган.

Жаштар олимпиадасынын оту жанат. Аргентинада күч сынашчу КР спортчулары
Дагы бир кыргызстандык спортчу Хасан Баудунов Япония, Аргентина жана Германия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн жеңип, жарым финалда египеттик Элсаид Мохамедге утулуп, үчүнчү орунду камсыз кылды.

Бүгүн, 9-октябрда, кыргызстандык дзюдочу Шахида Нармухамедова 78 килоргамм салмакта күч сынашат. Анын алгачкы атандашы Кытайдын Тайпей өлкөсүнүн өкүлү Ли Линг Лиу болмокчу.

Ушу тапта медалдын саны боюнча бир күмүш жана бир коло байгеси менен Кыргызстан 204 өлкөнүн ичинен 29-орунга илинди. Биринчи сапта Россия, экинчиде Венгрия, ал эми үчүнчү орунда Колумбия турат.