Тоо текелерди өлтүргөн кишиге 220 миң сом айып салынды

46 жаштагы киши экинчи мындай кадамга барбай турганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Тоо текени улагы менен кошо өлтүргөн браконьерге 220 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен кабарлашты.

Билдирмеде 7-октябрь күнү агенттиктин кызматкерлери тоо текени атып, видеого тарткан кишини тапканы айтылат. Ал Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Көк-Талаа айылынын 46 жаштагы И.Ч. аттуу тургуну болуп чыкты. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

"Кармалган киши малын айдап баратып дарыянын жээгинен эки тоо текени көргөн. Ал ойлонбой туруп мылтыгы менен атып, этин жеп койгон", — деп айтылат маалыматта.

И.Ч. кылган ишине өкүнүп жатканын жана экинчи мындай кадамга барбай турганын билдирген.

Ага 220 миң сом айып салынып, бир айдын ичинде төлөөгө милдеттендирилди.

Ведомство мыйзамсыз мергенчиликке болгон айып пулдарды эске салды:

Марала, аркар, аюу — 1 миллионов сом;
Ак илбирс — 1,5 миллион сом;
Тоо теке — 100 миң сом;
Элик, сүлөөсүн, манул — 50 миң сом.