Sputnik Кыргызстан агенттигинин командасы күзгү марафонго катышты

Кыргызстанда биринчи ирет марафондук 42,2 чакырым аралыкка чуркоо боюнча мелдеш болду.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан эл аралык агенттиги жана радиосунун командасы "Мол Булак Күз Деми — 2018" марафонуна катышты. Ошондой эле агенттик иш-чаранын расмий өнөктөшү болду.

1 / 4
Sputnik Кыргызстан эл аралык агенттиги жана радиосунун командасы "Мол Булак Күз Деми — 2018" марафонуна катышты
2 / 4
Ошондой эле агенттик иш-чаранын расмий өнөктөшү болду
3 / 4
Sputnik Кыргызстандын журналисттери менен радио алып баруучулары 5 жана 10 чакырымдык аралыкка чуркады
4 / 4
Катышуучулар быйыл биринчи жолу 42 чакырым 195 метр марафондук аралыкка чуркашты.

Sputnik Кыргызстандын журналисттери менен радио алып баруучулары 5 жана 10 чакырымдык аралыкка чуркады.

Катышуучулар быйыл биринчи жолу 42 чакырым 195 метр марафондук аралыкка чуркашты. Алардын арасында 22 мамлекеттен келген чет элдиктер да болду.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина редакция сергек жашоого үндөгөн иш-чараларды медиа өнөктөш катары гана колдобостон, өздөрү дагы катышып жатканын белгиледи.

"Биздин кызматкерлердин көбү туура тамактанууга өткөн. Мындан сырткары, күнүгө иш учурунда 10 мүнөттүк көнүгүүлөрдү жасашат", — деди Череменина.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.