Кыргызстандык режиссердун "Аврора" тасмасы Кореядагы фестивалда күч сынашууда

Дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарага 180тен ашык мамлекеттен 270тей эмгек кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Бекзат Пирматовдун тасмасы Түштүк Кореяда ат салышууда. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусунан кабарлашты.

Кулмендеев: бишкектиктерди бекер кино көрүп кетүүгө чакырабыз
Маалыматка ылайык, 13-октябрга чейин Бусан шаарында өтүп жаткан XXIII эл аралык кинофестивалга өлкө атынан "Аврора" тасмасы катышууда. Ал "Кинодогу жаңы агымдар" номинациясы боюнча күч сынашып жатат.

Дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарага 180тен ашык мамлекеттен 270тей эмгек кабыл алынган. Анын алкагында 14 топтон турган калыстар иштөөдө.

Эске сала кетсек, буга чейин кыргызстандык режиссерлордун тасмалары аталган фестивалдын кункурстук программасына чыга алган эмес.