Актерлук менен кошо режиссерлукту да аркалаган Мурат Мамбетов ошол эле учурда бул өнөргө кызыккан жаштарга устаттык кылып келет. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсан тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Таенеси алгачкы күйөрманы. Актер жана режиссер Мурат Мамбетов 1955-жылы 8-октябрда Нарын облусундагы Ат-Башы районунда төрөлгөн. Ал кезде актердун атасы ошол райондо башкы дарыгер болуп иштесе, апасы мугалимдик кесипти аркалачу. Бирок бүлө балалуу болору менен дароо эле Фрунзеге көчүп келген. Ошентип Мурат Мамбетов борбор калаада чоңоет. Мектепте мыкты окуучу болбосо да маданий иш-чараларга активдүү катышчу. Анын актерлукка болгон кызыгуусу, таланты бала чагынан эле билине баштаган. Жаш таланттын биринчи күйөрманы таенеси эле. Ал кино көргөндөн кийин дайыма таенесин маңдайына отургузуп алып, актерлорду туурап берчү. Таенеси ошол кезде эле "Мураттан кийин чыгаан артист чыгат" деп айтканы актердун дале эсинде.
Залкарлар коштогон чыгармачылык. Мурат Мамбетов актерлук кесипке эрте аттанат. Алгачкы тасмасы "Ак куулар конгон айдың көлгө" 1972-жылы 9-класста окуган кезинде тартылган. Эжеси телевизордон киного тартылуу үчүн өспүрүм курактагы бала керек деген жарыяны угуп калат. Болочоктогу актердун уялып, макул болбогонуна карабай колунан жетелеп кастингге алып барат. Кино тартуучу топ анын талантын дароо эле баалап, тасмага чакырат. Жаш актердун чыгармачылыктагы алгачкы кадамы кыргыз маданиятынын залкар инсандары менен коштолот. Тасмадагы чоң энесин Сабира Күмүшалиева, атасын Орозбек Кутманалиев, апасын Таттыбүбү Турсунбаева аткарат.
Атагы алыска кеткен "Туңгуч". Мамбетов окууну бүтүп келген соң Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштей баштайт. Ал театрда Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Сыдыкбек Жаманов, Насыр Кытаев сыяктуу улуу таланттар менен бирге сахнага чыгат. 1980-жылдардын аягында театрдын абалы оорлоп, эл көп келбей калган учур эле. Артисттер калкты спектаклдерге тартуу, театрга кайрадан кызыктыруунун үстүндө иштей башташат. Театрдын ичиндеги 10-15 адам чогулуп "Туңгуч" деген топ түзүшөт. Алгач Кыргыз драма театрындагы иштери бүткөн соң бош убактыларында гана "Туңгуч" үчүн спектаклдерди даярдашат. Ошентип "Апамдын махабаты", "Карагыз" жана "Мунабия" деген үч спектакль күйөрмандарга тартууланат. Эмгектер болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишип, эл театрга келе баштайт. Ал турсун, көрөрмандар "Туңгучутун" спектакли качан болот?" деп сурап калышат. Бирок "Туңгучтагы" санаалашатар Кыргыз драма театрынын жетекчилиги менен тил табыша албай өзүнчө бөлүнүп чыгып кетүүгө аргасыз болот. Кыргызстанды түрө кыдырган жаш театр дароо эле эл оозуна алынып, атагы азыркыга чейин өчпөй келет.
Актерлуктан режиссерлукка. Мамбетов "Туңгуч" театрында иштеп жүргөн кезинде сценарист, режиссер, ал тургай сахнадагы кара жумуштарга чейин жасап, көшөгө артындагы жашоону да жакшы билчү. Өзүн кинорежиссерлукта да сынап көрүүнү чечкен актер алгачкы тасмасы болгон "Аяндын" сценарийин жазып, "Туңгучтун" артисттери менен бирге тартат. Андан соң "Чиркин өмүр, "Апамдын махабаты", "Кууш жолдо", "Кара жолтой" жана "Тор" сыяктуу чыгармаларды көрүүчүлөрдүн назарына сунат.
"Чиркин өмүр" сериалы. Мурат Мамбетов кыргыз телевидениесиндеги эң белгилүү эмгектердин бири болгон "Чиркин өмүр" сериалын жараткан адамдардын бири. Актердун айтымында, алгач бул долбоорго аны Жеңишгүл Өзүбекова чакырган. Мамбетов башкалар менен бирге сценарийин жазып, башкы ролдордун бири болгон "Жаздык" деген каймана аты бар каарманды ойноп баштайт. "Алгачкы төрт сериясын раматылык Бекжан деген режиссер тартып, кийин башка долбоорго кетип калды. Анан Жеңишгүл Өзүбекова мага "сценарийин жазыштың, башкы ролду ойнодуң, эми калганын өзүң эле тарт" деди. Ошентип калган 40 серияны тарттым" дейт режиссер. Анын айтымында, сериалдын мындай ийгиликке чыныгы айылдын турмушун көрсөткөнү үчүн жетишкен. "Айылдагы ар бир киши сериалдагы каармандардан өзүн көрө алган. Аны менен бирге эле эң мыкты актерлор ойногон. Жүрөктөн чыккан, таза нерсе болчу" деп эскерет Мамбетов.
Шакирт тарбиялаган устат. Мамбетов учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде актердук чеберчиликтен сабак берет. Анын шакирттери учурда Бакен Кыдыкеева атындагы, Кыргыз драма жана "Учур" сыяктуу алдыңкы театрларда иштешет. "Бул кесиптеги эң негизги нерсе — мугалим менен окуучунун ою бир болушу. Окуучулардын пикирин, жүрүш-турушун түшүнгөн, аларга кандай мамиле кылуу керек экенин билген психолог болушубуз керек. Чыгармачылыкка кызыктыруу маанилүү. Андыктан биздин сабактар күлкү жана ый менен коштолот" дейт устат.