АКШ: жол кырсыгына кабылган КР жаранына бара жаткан аялы да аварияга кабылды

Жол кырсыгы 4-октябрда таңкы саат 2:30дар Миссури штатындагы Канзас шаарында катталган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. АКШнын Миссури штатындагы Канзас шаарында Кыргызстандын 42 жаштагы жараны А.Муминов 4-октябрда таңкы саат 2:30дар чамасында Mercedes Benz үлгүсүндөгү спринтер менен жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу АКШда жашап жаткан кыргызстандыктар билдирди.

Маалыматка ылайык, Муминовго азыр эки буту менен ичегилерине операция жасалды. Абалы оор. Жол кырсыгынан бир нече жери сынып да кеткен.

Бишкектеги жол кырсыктан 10 жашар кыз жана эки чоң киши жабыркады. Окуянын видеосу
Андан сырткары, жол кырсыгы тууралуу билген Муминовдун аялы жана жакындары да Чикагодон Миссуриге баратып жол кырсыгына кабылган. Азыр Муминовдун жубайы Колумбия шаарындагы госпиталда. Анын мээси чайкалып, эти чоюлуп, көгөрүп калганы айтылууда.

Учурда gofundme краудфандинг платформасында акча чогултуу жүрүп жатат. Жалпысынан 50 миң доллар керек болсо, учурда 7262 доллар чогулду.

КР Тышкы иштер министрлиги жол кырсыгына кабылгандар тууралуу маалымат алуу үчүн Кыргызстандын АКШдагы элчилигине тапшырма бергенин кабарлады.